Тигүү тармагындагы ишканаларга жеңилдетилген насыя бериле баштады

Экономика Загрузка... 24 Февраль 2026 14:04
356488_JsTTJ5y.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Тигүү тармагындагы ишканалар банктар аркылуу жеңилдетилген насыя ала алышат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, насыя төмөнкү банктар аркылуу берилет:

  • "Айыл Банк" ААК;
  • "Элдик Банк" ААК;
  • "Ишкердикти өнүктүрүү фонду МКК" ААК;
  • "Керемет Банк" ААК.

Насыя "Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин пайыздык чендерди субсидиялоо жолу менен жеңилдетилген насыялоо" долбоорунун алкагында берилүүдө. Долбоор 2026-2030-жылдар аралыгында ишке ашырылып, тармактын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, экспорт көлөмүн көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө, анын ичинде региондордо ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Кеңеш алуу жана арыз берүү үчүн ишканалар төмөнкү байланыш номерлерине кайрылса болот:

  • "Элдик Банк" ААК – +996 706 911 111, 9111;
  • "Айыл Банк" ААК – +996 990 55 11 00, 5511;
  • "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААК – +996 557 95 67 99;
  • "Керемет Банк" ААК – +996 997 55 44 44, +996 (312) 55 44 44.

Белгиленгендей, насыя алуу үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси жана насыялоо шарттары боюнча кошумча маалымат жогоруда көрсөтүлгөн финансы-кредиттик уюмдар тарабынан берилет.