1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү
Балам – бактым, балам — базарым!
Балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар!
Баланын бары да балээ, жогу да балээ...
Кылымдардан кылымдарды ашып аман сакталган кыргыз качан бала тууралуу ой толгогондо, дал ушул тариздеги кептерден козгошот.
* * *
Кээ бирлери бир кезде анча-мынчаны элес албай жүрө берип, адалбы же арамбы айтор тапкан акчасы менен бапестеп багып көзүн караган баласы качан баралына жеткенде терс аяк чыгып, зөөкүргө айланып зээн кейитсе же калк казынасын каалагандай чачып эл-журт үчүн чыпалагын да оорутпаган кайдыгер, мекенине кыянаттык жасаган эргул чыкса, андай саатта шордуу ата-эне “эл караган бетим жер карады”, “жер жарылып кирип кетпедим, жер катуу болгону үчүн аман калдым” деп өзөгү өрттөнүп, өлүмдү самайт.
* * *
Бала айласындагы абалды көрүп, сырттагы дүйнөнү тааныйт. Ал эми сезимтал, камкор, алдыга умтулган аракетчил, элин сүйгөн асылдык сапат — анын түпкүрдөгү дээринен. Кандай болгон күндө да, арыктагы сууну бургандай баланы туура нукка салуу, аң-сезимине үрөн сээп, канат күүлөшүнө түрткү берүү — өзүбүздүн колубузда...
* * *
— Бу дүйнөдөн туяксыз өтөмбү? — деди, чүкөдөй абышка алсыз манжалары менен колундагы чыныны кармай албай калчылдап, туягы жок экенин эми гана аңдагандай.
Оо кырчын курак жигит чагында апасынын жана бир туугандарынын “бу туубас катынды кетир” дегенине карабай алган жарын аздектеп чогуу бирге өмүр сүрүштү. Арманы жок, алганы жакшы чыккан экен, зайыбы да күйөөсүнүн көзүн караган боорукер, мээнеткеч жана жароокер чыкты. Экөө маңыздуу өмүр сүрүштү. Мамлекет үчүн кызмат өтөштү. Жаза баскан жок. Ала жипти аттабай, ак жашады абышка.
Карыды. Арыды...
Анан күйүткө салып зайыбы күндөрдүн бир күнүндө а дүйнө жайга аттанды. Мына ошондо бала дегендин өзү эмне экенин түшүндү. Бир кезде баланын бакыт экенин аңдаса да, жаштыкка салып сүйүүнү улук көрүп аял-күйөө бактылуу тирилик кечиришти. Мунүчүн эч өкүнгөн эмес абышка. Бирок, соңку күндөрү туугандарынын колунда жалгыз калган абышка көчөнүн чаңын сапырып салтанат куруп атышкан балдарды карап олтуруп таягын ээгине таянды да, тунжурап олтуруп калды. Анан алкымы кысылып чыгып, көзүнүн кычыктарынан салаалап жаштар төгүлдү.
Көрсө, бу бала дегендин өзү адам үчүн өмүрдөн өйдө экенин, бу тирүүлүктүн өзөгүн бала гана кармап турарын эми түшүнгөндөй, шолоктоп ыйлады абышка...
* * *
— Баланын бары да балээ, жогу да балээ! — деди, кабагы салыңкы тарткан эне шайы ооп шалдырап.
Кабыргасы кайышкан эне баласынын тентектик кылып бирине муш көтөрүп милийсага түшкөнүн, анан дагы каршылашы жеңил жаракат алган экен, күйөөсү экөө тапкан акчасынын баарын чачып айып пул төлөп атып аман алып чыкканын ойлоп алып:
— Баланын бары да, жогу да балээби? — деди жүрөгү сыздай.
* * *
Кайсы бир ирет көчөнүн аркы бетинде беш жашар баласын алдына салып алып уруп-сабап, айланадагылардан айбыкпай кетип бараткан жашы кырктар чамасындагы адамды көрүп туруп көөн ооруду. Ошо тушта эмнегедир эки-үч жолу үйлөнүп, балалуу боло албаган жакын таанышымдын:
– Кудай мага бир эле бала берсе, эки дүйнө бактылуу элем! – деген кеби эсиме түштү.
* * *
Кыйла жылдардан бери кез келе элек менден үч-төрт жаш улуу эски таанышым кудуңдап сүйүнүп:
– Жети жолу үйлөнгөм. Өзүң билесиң, – деди.
– Ооба, билем! – дедим, ары жакта мезгил менен кошо зуулдап аркы-терки агылган унааларга көз чаптырып.
– Эми азыр сегизинчиси менен жашап атам!
– Аа, – дедим... оозума кеп келбей, кайсы бир күнү тогузунчусу менен жашап атам деп айтса да таңыркабайм деген тейде.
– Ээ, эмнесин айтасың, башыман далай азап өттү го. Жети ирет аял алып, балалуу боло албай азап чеккен күндөрүмдү эч эстегим келбейт. Алар да бактылуу болушсун. Баарына ак жол каалап, туура түшүнүү менен мамиле жасап ажырашкам.
Мындайда апам шордуу менин баласыз жүргөнүмдү көрүп алып, ушул уулума бала бере гөр деп көз жашын көлдөтөт. Аны көргөн мен да маңдайга жазганы ушул болсо эмне кылайын деп, акыры жетинчи зайыбым менен ажырашып тындым.
Бир топ жыл бойдок жашадым. Күндөрдүн биринде ошол жетинчи зайыбым бала көтөрүп көчөдө бет маңдай келип калбаспы!? Турмушка чыкканын, анан бир жыл аяк баспай кош бойлуу болуп, аман-эсен көз жарганын айтып, колуна көтөргөн уулун көрсөтүп көңүлү толкуду. Албетте, мен да анын балалуу болгонуна ичимден кубанып, куттук айттым... – деди.
Анан башынан өткөн баянын саймедиреп аткан эски таанышым саамга токтой калды да, ойго тунгандай көк асманга көз чаптырып болуп, абадан кере-кере дем алды. Мен анын так ошол саатта өзүн ушунчалык бактылуу сезип жатканын жакшы туйдум. Тээ илгери анда-санда кез келе калганда тукумсуз өтөмбү дегендей оор үшкүрүнүп, өзүн адамдардан оолак ала качкан баягы эски таанышым жок, алдымда таптакыр башка адам турду. Бу жолу жер бетиндеги бардык адамдардын ичинен жалгыз өзүн гана бактылуу санагандай, буту жерде болгону менен көңүлү көктө!
Шаар ичиндеги аркы-терки агылган адамдар, кыйма-чийме жолдордогу кулак тундурган машинелердин үнү, алтургай бет маңдайында турган мен да жок, ааламда азыр ажайып кооз табият кучагында жалгыз өзү гана турган өңдүү көңүлү эргийт.
– Буга эмне болгон? – деп түшүнүп-түшүнө албай, бет алдында мен да ойлуу тура бердим.
— Жылдар өтө берди, — деди саналуу ирмемден кийин жанында турганымды эстей койгондой эсине келип.
— Улам-улам аял ала берип, элге да шерменде болмок белем деп кыйлага бойдок жүрдүм. Бала тууралуу ойлогондо уйкум умачтай ачылат. Кээде эч кимге көрсөтпөй ыйлаган учурларым болду. Кайсы бир күнү нике кайып болуп, сегизинчи жолу турмуш курууга туура келди.
— Ыя? — дедим чоочугандай...
— Ооба, ооба! Сегизинчи!
— Аа, — дедим кайдыгер.
— Айлар өттү... Жылдар өттү... Аялым экөөбүз бала эле жок болгону болбосо, абдан бактылуу элек. Оюмда эми баласыз өтсөм да болду, ушул аялым менен тең карып, өмүр кечирем деп шерт бердим. Бир күнү жумушумдан ыйкы-тыйкы мамилеге туш келип маанайым пас үйгө кирсем, жубайым кош бойлуу экенин айтып сүйүнчүлөйт. Төбөмө так көтөрүп, үйдү үч айланганым эсте.
— Оо, куттуктайм!
— Рахмат! Уулдуу болдум... — деди, заматта кубанычын бөлүшкөндөй маашырлана.
— Бешик боосу бек болсун!
— Рахмат! Эми бу жашоодон эрте кетемби же кечпи, ыраазымын өмүргө! — деди.
— Кой, антип айтпа! Узак өмүр сүрүп, ошол уулуңдун урмат-сыйын көр! — дедим.
Ошондон көпкө узабай кызматтык иш менен алыска сапар тартып бара жатып, капилеттен автокырсыктан а дүйнө жайга аттанганын, эми алган жары жесир, ымыркайы жетим калганын угуп кейидим.
* * *
Эне — уул-кызым эстүү чыгып, эл урматына татыган инсан болсун! — дейт.
Ата — Ата Журттун намыскөй жана мээнеткеч уулу болсун! — дейт.
А, Ата Мекен: — бирде тентек, бирде жөнтөк, бирде аркы-беркини аңдабай ата-энесин кейитип убайымга салган уулду көрүп, ал уул убакыттын өзү менен бирге адымдап олтуруп, каржала иштеген эмгекчил, даңкы далайга кеткен даңазалуу инсанга айланып, Ата Журттун аброюн арттырганда:
— Ар бир үйдө акылы тетик, ак эмгектен баар тапкан өзүңдөй намыскөй жана эмгекчил уулдар көп болсун! — дейт.
Кечээки эч нерсени элебеген бала — кийин өмүр көчүн улап эле тим болбостон калкына калкан болгон уулга айланат. Тирилик ошентип уланат...
* * *
Бала — ата-эне үчүн сөз менен жеткире алгыс табияттын бизге энчилеген улуу белеги. Жарыгы жанган ар бир үйдүн ичинде баланын үнү чыгып, күлкүсү жаңырып, алар эртеңки күндүн эшигин шаңдуу ачып киришсин!