Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Бүгүн “Манас” эл аралык аэропортунда Tez Jet авиакомпаниясына таандык учак менен байланышкан авиациялык окуя катталды.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, аталган учак Бишкек— Ош багыты боюнча каттамын аткарууга даярданып жатканда, атап айтканда, 25-конуу-учуу тилкесинин аткаруу стартын ээлеп, учууга чейинки жол-жоболорду аткарып жаткан маалда сол негизги шасси тирөөчү бүгүлүп кеткен. Экипаж дароо учакты токтотуп, белгиленген коопсуздук талаптарына ылайык бардык зарыл чараларды көргөн.
Учактын бортундагы 163 жүргүнчүнүн жана экипаж мүчөлөрүнүн арасында жабыркагандар жок. Окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн расмий иликтөө башталды.
Учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында Tez Jet авиакомпаниясынын аба кемелерин эксплуатациялоону зарыл болгон текшерүү иш-чаралары аяктаганга чейин убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Учурда тиешелүү кызматтар учакты конуу-учуу тилкесинен эвакуациялоо иштерин жүргүзүп жатышат. Буга байланыштуу “Манас” эл аралык аэропортунда айрым каттамдардын графигинде убактылуу кечигүүлөр болушу мүмкүн.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирип, иликтөөнүн жыйынтыгы жана кабыл алынган чечимдер тууралуу кошумча маалымат кийинчерек жарыяланарын маалымдады.
Ошондой эле иликтөө аяктаганга чейин коомчулукту шашылыш жыйынтык чыгарбоого жана ырасталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.