Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жана ага караштуу мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиядан билдиришкендей, анда мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө жана аны билүү деңгээлин баалоого түзүлгөн шарттарды мындан ары жакшыртуу маселелери талкууланды.
“Кыргызтест” мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышууда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөгө катышуучулардын саны акыркы мезгилде кыйла көбөйгөнү белгиленди.
"Ушуга байланыштуу тест тапшыруучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, тестирлөө процессинин сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде тест тапшыруучулардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу тиешелүү шарттарды түзүү боюнча сунуштар каралды",-деп айтылат маалыматта.