Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Tesla Техас штатында айдоочусуз роботакси кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу Reuters агенттигине шилтеме берип, Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, компания АКШда автономдуу транспорттук сыноолорун кеңейтүүдө,
Остин шаарынын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, шаарда болжол менен 50 Tesla унаасы бар.
Илон Маск өткөн айда айдоочусуз роботакси кызматы Техаста ишке киргизилгенден кийин, ушул жылдын аягына чейин АКШда адам айдоочусу жок толук автономдуу унааларды колдонуу кеңейишин билдирген.