Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. 10-11-ноябрда Талас облусунун укук коргоо органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери үчүн окутуу семинары өткөрүлдү.
Облустук прокуратурадан билдиришкендей, семинар Башкы прокуратуранын Укуктук статистика чөйрөсүндө мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулган.
Окутуу учурунда "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасындагы “Электрондук кылмыш иши” жана ага жаңы иштелип чыккан электрондук модулдарды колдонуу тартиби түшүндүрүлдү.
Мындан сырткары, “Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык, Кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтык коопсуздугун камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Система мамлекеттик жашыруун сырлар, электрондук башкаруу жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
Ошондой эле тергөө маалыматтарынын ачыкка чыгышына жол бербөө максатында, "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасындагы “Электрондук иш” материалдарын төмөнкүдөй аракеттерге тыюу салынары эскертилди.
- Көчүрүүгө, жүктөп алууга, басууга (кагаз түрүндөгү кылмыш ишине тиркөө максатынан тышкары).
- Фото-видеого тартууга, скриншот кылууга.
- Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде көрсөтүлбөгөн маалыматтык системаларына же кандайдыр бир маалымат базаларына (мисалы, ИИМдин “Таза тергөө” сыяктуу) киргизүүгө.
Жыйындын аягында катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооптор алынды.