Темир жолдун курулушуна керектүү материалдарды чек арадан өткөрүү жеңилдейт

Коом Загрузка... 16 Июль 2026 17:45
20180502_kpp_akjol_730x400_730x0.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов жана "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол компаниясы" ЖЧКнын башкы директору Гун Хунъюндун жумушчу жолугушуусу өттү.

Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууда тараптар темир жолдун курулушуна багытталган курулуш материалдарын жана жабдууларды бажыдан өткөрүүдө башкарууну жеңилдетүү маселелерин талкуулашты. Суроолорду ыкчам чечүү үчүн аймактык бажы органдарында атайын жооптуу кызматкерлер бекитилди.

749250584_2115186459066008_8001803275114874869_n

Бажы кызматы курулушка керектүү товарларды "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттары аркылуу борборлоштурулган тартипте гана ташуу зарылдыгын эскертти.

"Бажы чек арасынан өтүүдө кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо жана мыйзамсыз иштерге жол бербөө максатында, курулуш иштерине расмий лицензиясы бар гана транспорттук компанияларды тартуу талабы коюлду. Бул тобокелдиктерди минималдаштырууга шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.
748534229_1030465386379485_5686340165178528736_n

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар стратегиялык инфраструктуралык долбоорду үзгүлтүксүз жана өз убагында ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.