Темир Сариев: Мамлекеттик карыз коркунуч жаратпайт

Пикир Загрузка... 06 Сентябрь 2025 19:35
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.09.25. /Кабар/. Мамлекеттик карыз коркунуч жаратпайт. Мындай пикирин Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, эл аралык талап боюнча мамлекеттик карыз ИДПнын 70 пайызынан ашпашы керек.

“Мамлекеттик карыз боюнча кээ бир тынсызданууларды туура түшүнөм. Анткени 2020-жылга чейин мамлекеттик карыз өлкө үчүн олуттуу коркунуч жараткан эле... айлык, пенсия төлөнбөй калуу коркунучу болуп, алынган насыялар бюджет тартыштыгын жабууга жумшалчу. Бүгүн болсо абал түп-тамырынан өзгөрдү. Негизи эл аралык талап боюнча мамлекеттик карыз ИДПнын 70%ынан ашпашы керек, аны тейлөө чыгымы болсо бюджет кирешесинин 30%ынан жогору болбоого тийиш.

Кыргызстанда бул көрсөткүчтөр коопсуз деңгээлде деп ишенимдүү айта алабыз. Себеби мамлекеттик карыздын ИДПнын 45,1% болсо, тейлөө чыгымы болгону бюжеттин киреше булагынын 14% ын түзөт. Демек, өлкө өз милдеттенмелерин ишенимдүү аткарып, насыяларды бюджеттеги "тешиктерди" жапканга эмес, инфраструктура менен ири инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө багыттап жатат”,-деген ал.