Темир Сариев ЕЭКтин юбилейлик медалы менен сыйланды

Коом 29 апрель 2025 10:20
494109215_1086131250199899_8541982721010060754_n.jpg
494198268_1086131243533233_5322233222317860829_n.jpg
494044570_1086131246866566_5922642476676271043_n.jpg
494312005_1086131240199900_1826928261453524641_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Евразия жономиалык комиссиясынын юбилейлик медалы менен сыйланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Белгиленгендей, Темир Сариев ЕЭКтин кеңешинин жана ЕАЭБке мүчө беш өлкөнүн президенттеринин чечимине ылайык евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды.

Ал ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө чоң салым кошуп, ишкердик чөйрөсүн коргоо боюнча активдүү иш жүргүзүп келет.

Темир Сариев ар дайым ЕАЭБдин ичинде келишимдердин жана эрежелердин аткарылышы боюнча маселелер көтөрүлгөндө, кыргыз ишкерлеринин кызыкчылыктарын коргоодо активдүү позицияны карманып келет.