Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Экономика жана бизнес чөйрөсү боюнча эксперт Сергей Пономарев президенттин 2026-жылдын аягына чейин чакан жана орто бизнеске пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторий киргизүү чечими боюнча пикирин билдирди.
Анын айтымында, президенттин чечими салык кызматы тарабынан ашыкча көзөмөлдөө функцияларын алып салууга багытталган. Фискалдык органдар тарабынан жүргүзүлгөн пландан тышкаркы текшерүүлөр бизнес үчүн белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратып келген. Ошол эле учурда коррупциялык тобокелдиктер да пайда болчу. Ошондуктан мамлекет башчысы тарабынан киргизилген мораторий ишкерлер чөйрөсүндө оң кабыл алынды.
"Ишкерлерди пландан тышкаркы текшерүүгө тыюу салынган убакыттын ичинде коррупциялык компонентти толугу менен четтетүү, бизнес үчүн түшүнүктүү жана жөнөкөй эрежелерди киргизүү максатында мындай иш-чараларды өткөрүүнүн методикасын иштеп чыгуу сунушун өзгөчө белгилеп кетким келет.
Башкача айтканда, эгер бизнес субъекти салыктарды өз убагында төлөп жатса, алардын көлөмү азайбаса жана олуттуу дооматтар жок болсо, анда пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн эмне кереги бар? Мындай компаниялардын же фирмалардын иши ансыз деле отчеттук мезгилде көзөмөлдөнүп турат. Бизнести бюрократияга батырып, ага ашыкча, таптакыр кереги жок көйгөйлөрдү жаратпаш керек. Бул маселе эң жогорку деңгээлде белгиленип жатат жана мунун маанилүүлүгү боюнча түшүнүк бар.
Пландуу жана камералдык текшерүүлөр кала берет, көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) колдонуу боюнча байкоо жүргүзүлөт, ошондуктан баары ачык-айкын. Иштеп жаткан бизнести убара кылып, бут тосуунун кереги жок. "Көмүскөдө" калууга аракет кылгандардын саны барган сайын азайып баратат", - деди Сергей Пономарев.
Эске салсак, мамлекет башчысы Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүнө жол бербөөгө багытталган "Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.