Текебаевдин Сузактагы жолугушуусунда 90дон ашык көйгөй айтылды

Аймак 19 Май 2026 18:10
702503271_2088543502012903_2334712455254335697_n.jpg
701737741_2088528468681073_3278429133215553744_n.jpg
701987083_2088543038679616_6658172344807220643_n.jpg
702272972_2088543475346239_268452387944773085_n.jpg
702283208_2088529965347590_3368776411899358915_n.jpg
702291088_2088543535346233_6549171544054317021_n.jpg
702422990_2088543198679600_2815584113528963716_n.jpg
702516214_2088543355346251_188318646827533736_n.jpg
702564592_2088543552012898_5933265285103964022_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Сузак айыл аймагынын тургундары менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууга облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышып, жалпы 366 адам болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар тарабынан бир катар социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөр көтөрүлдү.

Тактап айтканда, Сузак районунун борбордук бөлүгүндө курулуп жаткан муниципалдык базардагы курулуш иштеринин солгун жүрүп жатканы, жер тилкелери жана турак жайларга байланышкан укуктук маселелер, таза суу менен камсыз кылуу, ирригация жол коопсуздугун камсыз кылуу көйгөйлөрү айтылды. Мындан сырткары, жарандар жеке укуктук маселелери боюнча да кайрылышты.

Жалпысынан 61 жаран тарабынан 92 маселе көтөрүлдү. Облус башчысы Тилек Текебаев ар бир кайрылууну угуп, айрым маселелерди жеринде чечүүгө көмөк көрсөттү. Ошондой эле тиешелүү облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде карап чыгып, чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.