Кыргызстанда быйыл жазгы талаа жумуштары адаттагыдан эки жумадай эрте башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүүчүлүк, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын маалыматы боюнча, 2026-жылы себүү аянттарынын жалпы көлөмү болжол менен 1 млн 250 миң гектарды түзөрү пландалууда, бул өткөн жылга салыштырмалуу 40 миң гектарга көп.
Себүү аянттарынын кеңейиши
Министрликтин маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө 66 миң гектарга жакын аянтка дан өсүмдүктөрү жана жашылчалар себилди. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 25 миң гектардын тегерегинде болчу. Негизги себилген өсүмдүктөрдүн ичинде: буудай – 41 миң гектар, арпа – 45 миң гектар жана картошка – 5 миң гектарга жакын.

Учурда талаа жумуштары Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында активдүү жүрүп жатат. Ал эми Ысык-Көл жана Талас облустарында өнөктүк жаңы эле башталса, Нарын облусунда климаттык шарттарга байланыштуу жумуштар азырынча баштала элек.
Себүү иштери салтка айлангандай өлкөнүн түштүгүнөн – алгач Ош облусунун Араван районунда, андан соң Ноокат районунда башталды. Учурда түштүк аймактардын дээрлик бардык райондорунда жана Чүй облусунда себүү иштери кызуу уланууда, анда негизинен дан өсүмдүктөрү себилүүдө. Жакын арада жүгөрү жана кант кызылчасын себүү башталат.
Үрөн, техника жана жер семирткичтер менен камсыздоо
Министрлик агрардык сектордун жазгы жумуштарга даярдык деңгээли кыйла жогору экенин белгилейт. Бүгүнкү күндө дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү менен камсыздоо болжол менен 88 пайызды түзсө, башка өсүмдүктөр боюнча – дээрлик 100 пайызды түзөт. Республикада 86 үрөнчүлүк чарбасы иштеп жатат, алар аркылуу фермерлер үрөн үчүн субсидияларды алышат. Мамлекет буудай, арпа, жүгөрү, картошка жана беденин үрөнүнө дотацияларды берет.
Жыл башынан бери өлкөгө 35 миң тоннага жакын жер семирткич ташылып келген, анын 10 миң тоннага жакыны кампада бар. Жер семирткичтин түрүнө жараша (азот, фосфор же калий) баасы килограммына 24 сомдон 35 сомго чейин болууда. Пестициддер менен камсыздоо болжол менен 35 пайызды түзөт, бирок адистердин айтымында, тартыштык байкалган жок.

Айыл чарба техникаларынын даярдыгы дагы жогорку деңгээлде – болжол менен 90 пайызды түзөт. Жалпысынан республика боюнча 95 миңден ашык айыл чарба техникасы (трактор, комбайн жана сепкичтер) бар. Жазгы талаа жумуштарына анын 22 миңге жакынын тартуу пландалууда.
Күйүүчү май жана жеңилдетилген колдоо
Айыл чарбасынын бир жылдык керектөөсү 42 миң тонна дизелдик отунду жана 12 миң тонна бензинди түзөт. Нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча, май куюучу жайларда күйүүчү майдын керектүү көлөмү бар.
Кошумчалай кетсек, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу фермерлерге жеңилдетилген баада – литрди 74 сомдон болгон 7 миң тоннага жакын күйүүчү май бөлүндү. Ошондой эле дыйкандар райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары аркылуу жер семирткичтерди жеңилдетилген шарттарда сатып ала алышат.
Үрөнчүлүктү өнүктүрүү жана экспорт
Үрөн фондун жакшыртуу артыкчылыктуу багыт бойдон калууда. Министрлик Кыргызстан дыйканчылык илим-изилдөө институту менен биргеликте илимий базаны чыңдап, жаш адистерди селекцияга тартууну пландаштырууда, анткени тармактагы адистердин орточо жашы бүгүнкү күндө 70тин тегерегинде.

Акыркы жылдары Кыргызстан үрөн сатуу боюнча эл аралык рынокко чыга баштады. Алсак:
- Россияга – беде үрөнү;
- Японияга – ашкабак үрөнү;
- Беларуска – беде жана картошка үрөнү.
- Өзбекстанга болсо жүгөрү үрөнү сыноодон өткөрүү үчүн жөнөтүлдү.
Быйыл Сокулук районунда жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн чыгаруучу завод ишке кирет. Чүй облусунда дан өсүмдүктөрүнүн үрөнүн даярдоочу ишкана курулууда. Ошондой эле голландиялык компания менен картошканын элиталык сортторун чыгаруучу завод куруу боюнча макулдашууга жетишилди. Аны келерки жылы ишке киргизүү пландалууда.
Суу ресурстары – негизги тобокелдик фактору
Адистер суу ресурстарынын азайып жаткандыгын олуттуу көйгөй катары белгилешүүдө. Суу саясаты жана ичүүчү суу менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы Болотбек Таштанов билдиргендей, суунун запасынын азайышы – глобалдык тенденция.
Буга байланыштуу министрлик бир нече багытка басым жасады: 1950-1960-жылдары курулуп, иштеп жаткан ирригациялык жана суу топтоочу системаларды реконструкциялоо, өсүмдүктөрдүн сууга болгон муктаждыгын эске алуу менен себүү структурасын кайра карап чыгуу жана суу тартыштыгы жаралган учурда кургакчылыкка туруктуу сортторго өтүү мүмкүнчүлүгү.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы 5 млрд 7 млн кубометр суу колдонулган болсо, быйылкы сезондо бул көлөм 6 млрд 303 млн кубометр деп бааланууда. Өткөн жылы Чүй, Талас жана түштүк аймактарда суунун тартыштыгы байкалган.
Мындай жагдайлардын алдын алуу үчүн министрлер кабинетинин чечими менен аймактарда атайын штабдар түзүлдү. Алар талаа жумуштары учурунда суу ресурстарын рационалдуу бөлүштүрүүнү координациялашат.
Учурда республикада жазгы талаа жумуштары пландык режимде жүрүүдө. Министрлик фермерлерге түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн расмий үрөнчүлүк чарбаларынан сертификатталган үрөндөрдү сатып алууну сунуштайт. Райондордогу ыкчам штабдар аграрийлердин көйгөйлөрүн чечүүгө жана себүү өнөктүгүн туруктуу өткөрүүгө даяр.