Ак-Суунун Тегизчил айылында жаңы мектеп курулууда

Аймак Загрузка... 07 Октябрь 2025 15:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Тегизчил айылында наркы 182 млн сомду түзгөн жаңы мектеп курулууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мектеп 225 окуучуга ылайыкталып, заманбап эки кабаттуу окуу корпусун жана спорт залынан турат.

Жалпы аянты 1868 чарчы метрди түзгөн билим берүү имаратынын курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган. Азыркы тапта мектептин дубалы тургузулууда.

Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.