Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин бир иш күнү чагылдырылган "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында театр оюн-зоок мекемелеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.
Министрдин айтымында, акыркы жылдары театрларга болгон кызыгуу өсүп, көрүүчүлөрдүн саны көбөйүүдө.
"2024-жылы театр оюн-зоок мекемелеринде сатылган билеттерден жана ижарадан түшкөн киреше 7,7 млн сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 107 млн сомдон ашкан. Ал эми бул көрсөткүч 2026-жылдын жарым жылында дээрдик 60 млн сомго жетти",-деди ал.
Мамбеталиев белгилегендей, театрларга баргандардын саны жыл сайын өсүп жатат. Маданий иш-чаралардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында күз айларынан тарта театрлар аймактарга жана айыл жерлерине барып, спектаклдерди тартуулай баштайт.
Ошондой эле өлкө боюнча маданият үйлөрүн жаңылоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер аймактардагы мектептер менен ооруканаларды жаңылоодон кийинки артыкчылыктуу багыттардын бири катары улантылат.