Театралдык окуу жайдын студенттери Россиядагы эл аралык фестивалга катышты

Маданият Загрузка... 03 Июнь 2025 13:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек 03.06.25 /Кабар/. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы (КУАДТ) Театралдык окуу жайынын студенттери “ГИТИСFEST. Театральное Приволжье – 2025” эл аралык фестивалына катышып келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, фестиваль 25-майдан 1-июнга чейин Россиянын Приволжский федералдык округунун Нижний Новгород, Казань, Самара, Чебоксары жана Саратов шаарларында өткөн. Анда КУАДТнын 1-2-3-курстарынын 9 студенти А.Чеховдун “Медведь” бир көшөгөлүү эскизин тартуулашкан.

Фестивалдын программасына ылайык, ошондой эле ГИТИС театралдык институтунун алдыңкы педагогдору тарабынан мастер-класстар өткөрүлүп, документалдык тасмалар көрсөтүлгөн. Чебоксары шаарындагы атайын билим берүү платформасы жана ГИТИС театралдык институтунун актёрдук факультетине тапшырууга байланышкан маалыматтар берилген.

“Фестиваль улуу орус классиги Антон Павлович Чеховдун туулгандыгынын 165 жылдыгына арналган. Максаты – Приволжский федералдык округунун аймагында театр искусствосун өнүктүрүү, эл аралык маданий кызматташууну кеңейтүү жана жаш театр ишмерлеринин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн колдоо”, - деп белгиленет маалыматта.