Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын маданияты менен искусствосуна 50 жылдан ашык кызмат өтөп, эмгеги сиңген театр жана кино актеру Абдыкалык Акматовго Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы тапшырылды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Күн мурун сыйлыкты президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев тапшырып, өлкө башчысынын жарлыгын окуп берди.