Тбилиси - Алматы багытында бараткан учак Бакуга шашылыш конду

Дүйнө Загрузка... 24 Март 2025 09:22
WhatsApp Image 2025-03-24 at 09.17.34.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Тбилиси - Алматы багытында учкан учак Бакудагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко шашылыш конду. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка караганда, Air Astana авиакомпаниясынын Airbus A321 учагынын капитаны шашылыш конууга уруксат сураган.

Учактын конуусуна жүргүнчүлөрдүн биринин ден соолугунун начарлаганы себеп болгон.

Учак аэропортко конор менен жүргүнчүгө медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан соң ал ооруканага жеткирилген.

Авиакомпания Бакудан Тбилисиге уча турган каттамды убактылуу токтотуп, жүргүнчүлөрдү мейманканага жайгаштырганы айтылды.