Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары Ишкерлер кеңешин түзүштү. Бул тууралуу Соода өнөр-жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев “Кабар” маалымат агенттигинин “Талдоо time” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын ишкердик мамилелеринде жаңы барак ачылды. Ишкерлер кеңеши эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнө өз ара маселелерди талкуулоого, көйгөйлөрдү чогуу чечип, аларды мамлекеттик органдарга жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Бул түзүм ишкердик чөйрөнү өнүктүрүүгө түз салым кошот.
“Мындай келишимди эки өлкөнүн лидерлери да колдоп беришти. Бизде жалпысынан бир катар мамлекеттер менен ушундай кеңештер бар. Алардын негизги максаты эки тараптын ишкерлерин бир аянтта чогултуп, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү. Жакын арада ишкерлер кеңешинин курамын түзүп, эки тараптан өкүлдөрдү чогултабыз. Бул кеңеш аркылуу биргелешкен иштер башталат,” – деди ал.
Керимбаев ошондой эле, Тажикстанда өткөн бизнес форумдан кийин эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери жолугушуп, кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашканын белгиледи.
“Биздин өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрү чоң. Тажикстан түздөн-түз Кытайга чыга алганы менен, климаттык шарттардын татаалдыгынан улам жолдор көп учурда жабылып калат. Эгер биз аларга Эркечтам же Торугарт аркылуу маршрут сунуштасак, бул маршруттар иштеп кетет. Ар бир өткөн жүк ташуучу автоунаа биздин экономика үчүн пайдалуу,” - деди Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти.
Ал кошумчалагандай, Кыргызстан менен Тажикстандын экономикалык кызматташуусу жанданууда. Тараптар ортосунда түзүлгөн жаңы кеңеш эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн ортосундагы диалогду бекемдеп, соода жүгүртүүнү жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт.