Тажикстандын ТИМ башчысы расмий сапар менен Кыргызстанга келет — Кабар

Тажикстандын ТИМ башчысы расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Саясат 29 июнь 2025 13:06
Тажикстандын ТИМ башчысы расмий сапар менен Кыргызстанга келет
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 29.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин 30-июндан 1-июлга чейин расмий сапар менен Кыргызстанга келет.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, сапардын алкагында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү пландалып, анда кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланат.