Тажикстандын делегациясы "Кызмат" мекемесинин санариптик долбоорлору менен таанышты

Коом 25 август 2025 17:55
536281696_1155269119964457_2861004516115413603_n.jpg
536281715_1155269496631086_2105511897834893650_n.jpg
536283996_1155269203297782_6622416190055148843_n.jpg
537381674_1155269163297786_8364351256814068969_n.jpg
537564349_1155269389964430_4402394009108867114_n.jpg
537698205_1155269423297760_1705773693848942290_n.jpg
538195804_1155269346631101_5408854701626562844_n.jpg
538212640_1155269323297770_2302174672049809356_n.jpg
538331845_1155269409964428_5327097279089028012_n.jpg
539326948_1155269289964440_7994098390996355386_n.jpg
539345075_1155269473297755_2597259750719007025_n.jpg
539386042_1155269266631109_5492648636937101844_n.jpg
539518870_1155269376631098_2592737780923534194_n.jpg
539577190_1155269249964444_3026623462375290391_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кызмат" мамлекеттик мекемеси

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин Иш башкармалыгына алдындагы "Кызмат" мамлекеттик мекемесине Тажикстандын биринчи премьер-министринин орун басары Хусрав Холикзода баштаган делегация расмий визит менен келди.

Мекемеден билдиришкендей, сапардын алкагында конокторго Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан негизги санариптик долбоорлор – "Коопсуз шаар" системасы, "Инфодокс", булуттук чечимдер, G-Cloud платформасы жана Кызмат-ID тааныштырылды.

Айрыкча делегациянын кызыгуусун жараткан электрондук документ жүгүртүү тутуму болду. Ал мамлекеттик органдардын өз ара иштешүү процесстерин ылдамдатууга, бюрократиялык процедураларды кыскартууга жана канцеляриялык жабдууларга, жеткирүү кызматтарына болгон бюджеттик чыгымдарды олуттуу үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптештирүү жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешип, заманбап IT-чечимдерди киргизүү боюнча мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдиришти.