Тажикстандык байкоочу: БШКнын ЖМК менен ачык иштеши шайлоонун айкындыгын көрсөттү

Шайлоо Загрузка... 01 Декабрь 2025 12:45
WhatsApp Image 2025-12-01 at 12.34.47.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.12.25 /Кабар/. Кыргызстанда шайлоо таза жана тең мүмкүнчүлүк шартында өттү. Бул тууралуу Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахтиёр Тавар билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого мыкты даярдык көрүп, жарандар үчүн бардык зарыл шарттарды камсыздаган.

“БШК мүчөлөрүнө өзгөчө ыраазычылыгымды билдиргим келет. Алар жарандар үчүн да, эл аралык байкоочулар үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүп, баарын жогорку деңгээлде уюштуруп беришти. Жеке мен бул шайлоого эң жогорку баа берем”, - деди ал.

Бахтиёр Тавар ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен ачык-айкын иш алып барып жатканына көңүл бурду.

“БШК өкүлдөрү журналисттердин суроолоруна ыкчам жана ачык жооп берип жатышты. Бул шайлоонун айкындуулугунун дагы бир далили. Мындан сырткары, БШК бардык талапкерлерге бирдей мамиле кылып, үгүт иштеринде тең мүмкүнчүлүк берди”,- деп кошумчалады ал.

Тавар кошумчалагандай, шайлоо тилкелеринде жарандар эркин добуш берип жатышты. Ал эми орнотулган видеокөзөмөл системалары бардык тилкелердеги абалды онлайн режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берди.