Бишкек, 27.07.25. /Кабар/. Тажикстандан келген ЖМК өкүлдөрү көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде болушту. Анын алкагында Тажикстандан келген ЖМК өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Рух-Ордо” маданий борборуна барышты. Ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы музейге баш багышты жана белгилүү петроглифтерди да көрүүгө жетишишти.
“Ысык-Көл – бул Кыргызстандын бермети. Биз Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экенин көрүп жатабыз. Биз мындагы кооздук тууралуу өзүбүздүн материалдарыбызда чагылдырып, кенен айтып беребиз деп турабыз”, – деп кошумчалады дагы бир журналист.
Белгилей кетсек, бул жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын натыйжасы экенин айта кетүү керек. Медиа чөйрөнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы түз байланыш өз ара түшүнүшүүнү бекемдеп, окуяларды так жана ачык чагылдырууга багытталган биргелешкен долбоорлордун пайдубалын түптөйт деп күтүлүүдө.
Эске салсак, мындай сапарлар жакшы салт болуп калды. Былтыр Кыргызстан Өзбекстан менен Казакстандын ЖМК өкүлдөрүн кабыл алса, кыргызстандык журналисттер аталган өлкөлөргө барышкан. Бул жолугушуулар Борбор Азиянын медиа өнөктөштүгүн өнүктүрүүдө жогорку натыйжалуулукту көрсөтүүдө.