Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. 15-19-июль күндөрү Тажикстанда КМШга мүчө мамлекеттер арасында өтүп жаткан Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү эл аралык кароо сынагынын алкагында өспүрүмдөрдүн жолдогу коопсуздугуна багытталган илимий конференция өттү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда Кыргызстандын атынан ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов баяндама жасап, өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу жолдору жана жасалып жаткан үгүт-насаат иштери боюнча маалымат берди.
Ошондой эле ал бул илимий жыйындын өткөрүлүшү балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алууга жана бул багытта КМШ өлкөлөрү арасында тажрыйба алмашууга чоң өбөлгө болорун белгилеп, уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын айтты.