Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. Тажикстандын Хатлон облусунда археологдор тарыхый баалуу артефакттар сакталган байыркы шаарды табышты. Бул тууралуу Тажикстандын Тарыхый жана маданий мурастарды коргоо агенттигинин маалыматына таянуу менен, Казинформ кабарлады.
Маалыматка караганда, табылган Андичарауг конушу — азыркы Тажикстандын аймагында биздин заманга чейинки VII-XVI кылымдар аралыгында гүлдөп-өнүккөн Орто кылымдагы Байыркы Хуттал
Падышалыгынын бир бөлүгү болгон.
Конуштун борбордук бөлүгү 14 гектарды түзөт. Казуу иштери учурунда 100дөн ашык археологиялык табылгалар табылган. Алардын катарында нумизматикалык мурастар, керамикалык буюмдар, жыгач оюмдары жана темир устачылыгына тиешелүү буюмдар бар.
Агенттиктин директору Шерали Ходжазода билдиргендей, бул аймактан кол жана суу менен иштеген тегирмен таштар сыяктуу дыйканчылыкка байланыштуу көптөгөн табылгалар да табылган. Казуулар байыркы шаарда өнүккөн маданият жана чарбачылык болгонун далилдеп турат.