Тажикстан президентинин сапары. Бишкекте 4 миң милиционер коомдук коопсуздукту камсыздайт

Коом Загрузка... 12 Март 2025 11:40
WhatsApp_Image_2025-03-12_at_.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon Бишкек ШИИББи

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Бишкекке 12-13 мартта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекеттик сапар менен келет.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул күндөрү коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 4 миң милиция кызматкери тартылат. Милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Ошондой эле шаардын айрым райондорунда маал-маалы менен унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Бишкек ШИИББи шаар тургундарын жана конокторун мындай чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга чакырат жана ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт.