ИИМ: Эл аралык иш-чараларга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө

Коом Жүктөлүүдө... 29 Июль 2026 16:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Ысык-Көл облусунун аймагында мамлекеттик сапарларды, эл аралык иш-чараларды жана мамлекет башчыларынын катышуусундагы "Борбор Азия - Азербайжан" консультативдик жолугушуусун өткөрүү мезгилинде коомдук коопсуздукту, укук тартибин жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери каралды.

Министр алдыдагы иш-чаралар эл аралык деңгээлде өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, ички иштер органдарынан жогорку уюшкандыкты, бекем тартипти жана коюлган милдеттерди кынтыксыз аткаруу талап кылынаарын баса белгиледи.

Кеңешмеде коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, объекттердин терроризмге каршы корголушун күчөтүү, туристтердин жана өлкөнүн конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле күтүлбөгөн кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө күч жана каражаттардын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Улан Ниязбеков аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине бардык кызматтардын иш-аракеттерин так координациялоону камсыз кылууну, алдын алуу иштерин күчөтүүнү, ыкчам кырдаалга күнү-түнү көзөмөл жүргүзүүнү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Туристтердин агымынын көбөйүшүнө байланыштуу адамдар көп топтолгон жайларда, эс алуу аймактарында, унаа жолдорунда, ошондой эле суудагы коопсуздукту камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Ысык-Көл облусуна Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматтарынан, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан, Кайгуул-күзөт кызматынан жана ички иштер органдарынын түзүм-бөлүмдөрүнөн кошумча кызматкерлер тартылды.