Тажикстан парламенттер аралык кызматташтыктын динамикасына ыраазы - Рустами Эмомали

Саясат Загрузка... 23 Сентябрь 2025 13:13
1.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Тажикстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттер аралык өз ара кызматташуусунун кеңейип жатканына ыраазы. Бул тууралуу Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали Бишкекте өткөн "Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты комплекстүү өнүктүрүү үчүн эффективдүү чечимдер" аттуу Борбор Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумунда билдирди.

Растами Эмомали Кыргызстанды Борбор Азия үчүн маанилүү болгон бул иш-чарага төрагалык кылып, өткөрүп алганы менен куттуктап, бүгүнкү жолугушуу Түркестан жана Хивадагы форумдарда башталган салттуу, достук жана аймактын парламенттер аралык диалогдун уландысы деп белгиледи.

"Бул форумдун үзгүлтүксүз өткөрүлүшү аймактык интеграциянын баалуулуктарын урматтаганыбызды, ошондой эле Борбор Азия элдеринин кызыкчылыгы үчүн ишенимди, диалогду жана кызматташтыкты бекемдөөгө умтулуп жатканыбызды көрсөтөт.

Парламенттер аралык кызматташтык жана парламенттик дипломатия аркылуу биз жалпы максаттарга жетүү үчүн жагымдуу укуктук негизди түзүүгө олуттуу салым кошорубузга ишенем", - деди ал.