Кыргызстанда бүгүн, 5-мартта кыргыз элинин башкы символдорунун бирине арналган майрам – Ак калпак күнү белгиленүүдө. Бул майрам улуттук каада-салттарды сактоого, маданий өзгөчөлүктү бекемдөөгө жана тарыхый мураска болгон сый-урматты калыптандырууга багытталган.
Ак калпак күнүн белгилөө демилгеси 2011-жылы көтөрүлгөн. Анын демилгечиси — кыргыз режиссёру Рысбек Жабиров. Ал улуттук баш кийимди элдин биримдигинин жана өзгөчөлүгүнүн символу катары өзүнчө бир күндү арноону сунуштаган.
2016-жылы бул майрам расмий макамга ээ болгон. Мындай чечим улуттук салттарды колдоо жана Кыргызстандын маданияты менен сыймыктануу сезимин өстүрүү максатында кабыл алынган.
2019-жылдын февраль айында Жогорку Кеңештин депутаттары "Улуттук баш кийим — Ак калпак жөнүндө" мыйзам кабыл алышкан. Документте ак калпакты өз багытында гана колдонуу зарылдыгы бекитилген. Мисалы, аны мончодо кийүүгө же ага карата сыйлабастык мамиле жасоого тыюу салынат.

Белгилей кетсек, дал ошол 2019-жылы ак калпак ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине "Кыргыз элинин эркектердин баш кийимдерин жасоонун салттуу ыкмалары жана аларды кийүү маданияты" деген аталыш менен киргизилген. Бул анын маданий баалуулугунун эл аралык деңгээлде таанылышы болуп калды.
Ак калпак — ак кийизден жасалган эркектердин баш салттуу кийими. Анын формасы тоолуу Кыргызстандын кар баскан чокуларын элестетет. Ак түс ой-тилектин тазалыгын жана асылзаттыкты символдоштурат. "Манас" эпосунда кыргыздар — чокусу Тянь-Шань тоолорунун чокуларындай ак, ал эми этеги тоонун этегиндей кара болгон, ак калпакчан эл деп айтылат.
Ошондуктан ак калпакка болгон мамиле ар дайым өзгөчө болуп келген. Аны таза кармоо шарт, жерге таштоого же айлантууга болбойт. Баш кийимди эки колдоп чечип, атайын орунга же жанына коюу туура деп эсептелинет.

Ошондой эле жыл сайын 5-мартта өлкө боюнча маданий акциялар, көргөзмөлөр жана флешмобдор өткөрүлүп турат. Мырзалар жана уландар өз тамырына болгон сый-урматтын белгиси катары ак калпакты сыймыктануу менен кийишет.
Ак калпак күнү — бул календардагы жөн гана дата эмес, кыргыз элинин бай руханий мурасын жана аны келечек муундар үчүн сактап калуу жоопкерчилигин эске салып турган күн.
Эскерте кетсек, Ак калпак күнүнө карата бүгүн саат 13:30да К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде "Ак калпак — кыргыз мурасы" аттуу жаштар форуму өтөт.