"Тазалыктын" каза болгон кызматкерлеринин биринин артында жубайы жана 3 баласы калды

Кырсык Загрузка... 30 Декабрь 2025 17:20
2025-12-30_12-09-47.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын каза болгон кызматкерлеринин биринин артында жубайы жана үч баласы калды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, каза болгон кызматкердин жубайы ишканада бухгалтер болуп иштечү.

Эске салсак, бүгүн эртең менен "Тазалыктын" үч кызматкери Чоң Чүй каналына чөгүп кеткени белгилүү болгон. Алардын биринин сөөгү табылды, калгандарын издөө иштери уланууда.