Чоң Чүй каналына түшүп кеткендер "Тазалыктын" кызматкерлери болгон

Кырсык Загрузка... 30 Декабрь 2025 12:24
IMG_20251230_123020.jpg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Бүгүн эртең мененки саат 08:00 – 08:30 чамасында Ауэзов көчөсүндөгү өздөрүнө бөлүнгөн аймакты тазалап бүтүп, жумуштан кайтып келе жаткан "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 3 кызматкери Чоң Чүй каналына түшүп кетишкен. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Окуя болгон жерге мэр Айбек Жунушалиев дароо барып, кырсыктын себептерин жана жагдайларын тез арада, ар тараптуу иликтөө боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Кырдаалды мэр жеке көзөмөлүнө алып, каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу материалдык жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан факт боюнча текшерүү жана тактоо иштери жүрүүдө.

Мэрия каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.