Бишкек, 26.04.25. /Кабар/. "Тазалык" ишканасына 32 заманбап атайын техника берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн мэр Айбек Жунушалиев "Бишкекжашылчарба" жана "Тазалык" муниципалдык ишканаларынын иши менен таанышты.
Анда калаа башчысы шаарды тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн атайын техниканын жана өздүк курамдын даярдыгын текшерди.
Ошондой эле "Тазалыкка" 32 заманбап атайын техника берилди.
Муну менен катар Айбек Жунушалиев "Бишкекжашылчарба", "Тазалык", "Бишкекжарык" муниципалдык ишканаларынын жана "Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү" агенттигинин кызматкерлеринин эмгек акысын аткарылган иштердин көлөмүн жана алардын жоопкерчилик деңгээлин эске алуу менен 20% көтөрүүнү тапшырды.
"Кызматкерлерди өз убагында атайын сезондук кийимдер менен камсыз кылуу жана аларга ылайыктуу эмгек шарттарын түзүү маанилүү", - деп белгиледи ал.
Текшерүүнүн жыйынтыгында муниципалитеттин башчысы атайын техниканы эффективдүү пайдалануу жана ар бир жергиликтүү аймактык бирдиктерге, анын ичинде ААРдин алкагында борборго кошулган жаңы айылдарга да бөлүштүрүү милдетин койду.