Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Бүгүн, 4-июнда Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында «Айылдарды суу менен камсыздоону жана канализацияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан жаңы суу түтүктөрүнүн ачылышы болуп өттү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 1716 кожолукта жашаган 6012 тургун ичүүчү таза суу менен туруктуу камсыз болду. Ошондой эле, 331 көзөмөлдөөчү кудук жана 1 128 суу эсептегич орнотулду.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев иш-чарага катышып, долбоордун айыл калкынын жашоо сапатын жогорулатуу жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Бул системанын ачылышы 6000ден ашуун айыл тургундарынын жашоосундагы жаңы баракчанын башталышы болуп саналат, алар эми күн сайын таза, ичүүчү суу менен камсыз болуп, күнүмдүк тиричилиги жеңилдейт. Мамлекет калкка жагымдуу шарттарды түзүп берүү боюнча ар тараптуу иш аракеттерди көрө бермекчи. Өлкөнүн жарандарын татыктуу жашоосуна шарттар мындан ары да түзүлө беремекчи», - деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылууда.