Таза шайлоо. Автоматташтырылган системанын артыкчылыгы эмнеде?

Шайлоо Загрузка... 06 Октябрь 2025 18:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Эки айга жетпеген убакыт ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөнү турат. Борбордук шайлоо комиссиясына арызын берип, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин саны күн санап өсүүдө. Ошол эле маалда саясий өнөктүккө ат салышып, өз талапкерлигин алдыга сүрөй турган саясий партиялар да жок эмес. Буга чейинки шайлоолордо мандат үчүн айрым талапкерлер шайлоочулардын добушун сатып алып, “жеңишке” жеткендери коомчулукка маалым. Ошондой эле урнага бюллетендерди “карусель” жолу менен салып, шайлоого келбей калган жарандардын ордуна бир эле киши добуш берип койгон учурлар көп кездешкенин ушул күнгө чейин байкоочулар, көз карандысыз серепчилер айтып келишет.

WhatsApp Image 2025-10-02 at 13.13.12 (5).jpeg

Мыйзам бузууларга бөгөт койгон автоматташтырылган системанын артыкчылыгы эмнеде?

Мыйзам бузуу менен өткөрүлүп келген шайлоолордогу көрүнүштөргө автоматташтырылган маалымат системасы бөгөт коюп, мурдагыдай ондоп-жыйырмалап урнага бюллетендер ыргытылбай калды. Бүгүнкү күндө шайлоо участогу жабылар замат автоматташтырылган эсептөө урнасы кайсы талапкерге канча шайлоочу добуш бергенин дароо чыгарып берет. Ошондой эле шайлоо участкасында комиссия мүчөлөрү жана байкоочулардын катышуусунда бюллетендер кол менен да эсептелет. Бул таза шайлоо өткөрүү үчүн түзүлгөн шарттардын бирден бир артыкчылыгы экенин президент Садыр Жапаров 30-сентябрда кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда билдирген эле.

557018051_135300890.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
“Илгеркидей бюллетендерди чыгарып алып, шайлоо участокторуна алдын ала камаздап ташып барып, аларды күнү-түнү кайтарып жаткан мезгил өтүп кетти. Баары санариптешти. Азыр эми шайлоо участогуна барып, каттоодон өтөрүңүз менен ошол жерден бюллетенди компьютер чыгарып берет. Каалаган талапкериңизди шайлап, бюллетенди автоматтык жашикке саласыз. Автоматтык жашик добушуңузду кайсы талапкерге бергениңизди дароо эсепке алып коёт дагы шайлоо убактысынын бүтүшүн күтөт. Шайлоо убактысы аяктап, кечки саат 20:00дө жашиктин кнопкасын басканда кайсы талапкер канча добуш алганын дароо эсептеп чыгарып берет. Андан сырткары, жашиктеги бюллетендерди төгүп алып, талапкерлердин байкоочулары менен биргеликте кол менен дагы санап чыгышат. Ал бюллетендер бир жыл бою архивде сакталып калат. Кайсы талапкер кайсы шайлоо участогунан күмөн санаса, арыз жазып барып, кайрадан санап чыкса болот. Кыскасы, бир дагы талапкер же кандайдыр бир күчтөр шайлоонун жыйынтыгына доомат коё албайт. Себеби бизде шайлоо системасы толук электрондошуп, автоматташкан. Мындай шайлоо системасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде бизде гана бар”, - деген өлкө башчысы.

Мындан ары шайлоолордо добуш саноодо жана жыйынтык чыгарууда эч ким таасир эте албайт. Анткени баары автоматташтырылган системада болгондуктан, бардык маалымат так, даана чыгарылат. Бул жаңы заманбап технологиялардын иштеши 2021-жылдагы шайлоолордо кол менен санаганда добуштар автоматташтырылган эсептөө урналарынын жыйынтыгы менен дал келгенин тастыктаган. Ошондо шайлоо өнөктүгүнө көз салган эл аралык байкоочулар Кыргызстандын бул тажрыйбасына жогору баа беришкени эсибизде.

WhatsApp Image 2025-10-02 at 13.13.12 (1).jpeg

Таза шайлоо өткөрүү шайлоочулардын добушуна көз карандыбы?

Мамлекет башчысы бийлик таза шайлоо өткөргөнгө толук шарттарды түзүп бергендигин, эми жарандар таза шайлоо өткөрүү үчүн добушун сатпай татыктуу талапкерди шайлашы зарыл экендигин билдирүүдө.

“Мындан ары мурдагыдай партиялык тизмеге кире калып, миллион доллар бере салып, эч ким тааныбаган эле бирөө депутат болуп келген башаламан система жок. Мындан ары депутаттарды түздөн-түз өзүңүздөрдүн араңыздардан шайлап аласыздар. Биз, бийлик, “талапкерди эл өзү тандап алсын” деп толук шарт түзүп бердик. Эми өзүңөр жаңылбай, тандап алып, анан шайлаңыздар. Бул жолу чыныгы элдик өкүлдөрдү, өзүңөрдүн өкүлүңөрдү шайлайсыздар”, - деп айткан Садыр Жапаров.

WhatsApp Image 2025-10-02 at 13.13.12 (6).jpeg

Добушуңду сатпа! Татыктуусун танда!

Бул ирет Кыргызстанда шайлоо болуп көрбөгөндөй таза өтүшү керектиги белгиленүүдө. Мындан улам таза шайлоо өткөрүү бир гана шайлоочулардан көз каранды болууда. 30-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого ар бир жаран активдүү катышып, добушун сатпай, туура тандоо жасашы зарыл. Добуш сатпоо тууралуу президент күн мурун Ош шаарында Барпы Алыкулов атындагы жаңы парктын ачылышында тургундар менен жолукканда дагы бир ирет кайталады.

“Жакында шайлоо. Шайлоого активдүү катышкыла. Мурда бюллетендерди чыгарып алып, бир участокко 100-150дөн ашыкча чыгарып алып, ошонун баарын кайра салып, бир талапкерди өткөрүүгө аракеттер болчу. Бюллетендер кол менен саналчу. Азыр ал заман жок, андай аракетти азыр эч ким кыла албайт. Бир гана нерсе калды шайлоону ондоп-түздөгөнгө бул шайлоочунун өзүнө тиешелүү, болгону добушуңарды сатпагыла. Сатып алып келгендерди өзүңөр кармагыла. Менин мисалы ага алым-күчүм жетпейт, мамлекеттик органдар да жетишпейт. Анткени жети миллион элбиз. Көптүн көзү көрөгөч дейт, ошол үчүн өзүңөр оңдоп берсеңер, бул дагы бир нукка түшүп кетет, анан тазарабыз”, - деди мамлекет башчысы.

“Кабар” агенттигине юридика илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын академиги Чолпонкул Арабаев алдыдагы шайлоону чоң тарыхый окуя катары баалоо керектигин айтып, жарандардын шайлоого активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, буга чейин жарандар шайлоого башка участокто катталгандыгынан улам жолдун алыстыгынан добуш сала албай калышканына жүйөө келтиришкен. Азыр мунун баары артта калып, илим-техниканын жетишкен заманында автоматтык шайлоо системасы аркылуу кайсы округдан болбосун, кайсы жерде болбосун шайлоого ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Чолпонкул Арабаев эми эл болгону болор-болбос акчага алданбай, мыйзам чыгаруу бийлигине эл тагдырын ойлогон татыктууларды шайлашы керек деп эсептейт.

WhatsApp Image 2025-10-06 at 15.44.39.jpeg
“Шайлоого укуктуу деген конституциялык принципти толук сактоо менен автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу шайлоочунун шайлоого катышуусуна толук мүмкүнчүлүк түзүлүп берилди. Бул биринчиден, шайлоого катышкан шайлоочулардын санын улам санап көрсөтүп, ошондой эле урнага салган бютеллетендерди жасалмалоого жол бербей так чыгарганы менен өзгөчөлөнүп турат. Мунун баары шайлоонун акыйкат өтөрүн камсыздайт дегенди билдирет. Экинчиден, мамлекет башчынын саясий эркинин негизинде мындан аркы боло турган шайлоолордун бардыгына бир дагы административдик ресурс колдонулбай тургандыгында. Үчүнчүдөн, болбогон акчага, болор-болбос буюм-тайымдарга элди сатып алуу деген да арылышыбыз керек. Муну эл деле өзү көрдү. Анан өзүбүздүн кулунубуз экен, өзүбүздүн жердешибиз экен деген да кетишибиз керек. Татыктуунун тактыктуусунун келишине эл өзү тандоо жасашы зарыл. Бийликтин бир бутагы катары мыйзам чыгаруучу бийликтин өкүлдөрү тууралуу айтсак, мыйзам канчалык сапаттуу болсо элдин эртеңкиси, мамлекеттин келечеги ошолорго көз каранды болот. Ошондуктан сандан сапатка өтө турган мезгил келди. Көпүрө салып берем, көмүрүңдү түшүрүп берем дегендерге шайлоочулар көңүл бурбашы керек. Анткени социалдык мекемелердин курулушу жана башка иштердин бардыгы аткаруу бийлиги тарабынан жергиликтүү бийлик аркылуу аткарылып жатканына элдин деле көзү жетти деп айтат элем. Ошондуктан мүмкүн болушунча элдин тагдырын ойлогон, ички жана сырткы саясатка таасир эте турган мыкты депутаттарды шайлашыбыз керек”, - деди Чолпонкул Арабаев.

WhatsApp Image 2025-10-03 at 08.14.38 (2).jpeg

Белгилей кетсек, 30-ноябрда өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. 30 округдун ар бириндеги үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат.

БШКнын маалыматына ылайык, өлкө боюнча алдын ала тизмеге 4 млн 287 миң 222 шайлоочу кирди. Жалпысынан шайлоо күнү 2492 шайлоо участкасы иштейт.