Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Жайдын аптаптуу күндөрүндө дарбызга болгон суроо-талап жогорулайт. Буга байланыштуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дарбыз сатып алууда жаңылышпоо үчүн жарандарга бир катар маанилүү кеңештерди сунуштайт.
Адистердин айтымында, дарбыздын сапатын жана бышканын сырткы көрүнүшүнөн эле билүүгө болот. Ал үчүн төмөнкү 6 негизги белгиге көңүл буруу зарыл:
Жер тийген тагы: Дарбыздын жерге тийип турган жери сары же крем түстө болсо - ал жакшы бышкан. Эгерде так ак же өтө ачык болсо - анда эрте үзүлгөнүнөн кабар берет.
Сабагы: Бышкан дарбыздын сабагы кургак жана ичке болот. Жашыл жана ширелүү сабак - дарбыздын жетиле электе эле үзүлгөнүн билдирет.
Кабыгындагы сызыктар: Кара-жашыл жана ачык түстөгү сызыктардын контрасты канчалык айкын болсо, дарбыз ошончолук жетилген. Өтө бүдөмүк сызыктар даамынын начар болушу мүмкүн экенин көрсөтөт.
Күрөң тор: Кабыгында майда күрөң сызыктардан турган торчолордун болушу - анда канттын көп топтолгонунан кабар берген жакшы белги.
Чертип көрүү: Дарбызды черткенде "бош" үн чыкса - бышкан. Эгерде кыска жана даңкылдаган үн чыкса - али жетиле элек.
Салмагы: Өзүнүн өлчөмүнө салыштырмалуу оор болгон дарбыздын ичи ширелүү болот. Эгер жеңил сезилсе, анда анын суусу аз жана даамы начар болушу ыктымал.
Бул белгилердин ар бири өзүнчө 100% кепилдик бербеши мүмкүн, бирок сатып алып жатканда жогорудагы белгилердин 3-4ү дал келсе, анда ал дарбызды ишенимдүү түрдө тандасаңыз болот.