Татарстанда Кыргызстандын 2 жараны жол кырсыгынан каза болду

Кырсык 16 Март 2026 11:05
photo_2026-03-_lpL0Dsh.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_2026-03-_VVr5LqQ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_2026-03-_SGxMKWe.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Татарстандын Альметьевск районунда Кыргызстандын 2 жараны жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КамАЗ жүк ташуучу унаасы менен Kia Carnival жеңил унаасы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Кыргызстандын жарандары 1986-жылы туулган К.А.К. (айдоочу) жана 1987-жылы туулган Ш.А.Р. (жүргүнчү) окуя болгон жерде каза болгон.

"Маркумдардын сөөгү Алметьевск шаарындагы өлүкканага жеткирилген. Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталып, каза болгондордун туугандары аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, маселе Казань шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун көзөмөлүндө турат.