Тасмагамбетов: “Рубеж-2025” машыгуулары глобалдык туруксуздуктун шартында өтүүдө

Коом Загрузка... 17 Сентябрь 2025 13:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Балыкчы, 17.09.25. /Кабар/. Машыгуулар эл аралык оор кырдаалда башталып жатат: дүйнөнүн ар турдуу региондорунда чыңалуунун жаңы очоктору пайда болууда, эски конфликттер курчуп жатат. Бул тууралуу Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Борбор Азия чөлкөмүнүн жамааттык тез жайылтуу күчтөрүнүн “Рубеж-2025” командалык-штабдык машыгуусунун ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, Борбордук Азия чөлкөмүнүн мамлекеттери үчүн негизги коркунуч – бул радикалдык-экстремисттик топтордун Жакынкы Чыгыштан аймактын мамлекеттеринин түштүк чек араларына жылып, биздин өлкөлөрдүн аймагына өздөрүнүн идеологиясын жайылтуу, жаштарды террордук уюмдарга тартуунун реалдуу мүмкүнчүлүгү.

“Мындай шарттарда күжүрмөн милдеттерди ийгиликтүү чечүү улуттук куралдуу күчтөрдүн, региондогу мамлекеттердин башка коопсуздук органдарынын жана ЖККУнун жамааттык күчтөрүнүн так өз ара аракеттенүүсүн талап кылат.

Борбордук Азия чөлкөмүнүн жамааттык тез жайылтуу күчтөрү регион мамлекеттеринин аскердик коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде тышкы аскердик агрессиянын мизин кайтарууга катышуу жана терроризмге каршы операцияларды жүргүзүү үчүн түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө Жамааттык тез жайылтуу күчтөрү уюмдун аскерлеринин (Жамааттык күчтөрдүн) маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат жана Борбордук Азия аймагындагы улуттук жана жамааттык коопсуздукка карата келип чыккан чакырыктарга жана коркунучтарга өз убагында жана адекваттуу жооп кайтарууга даяр болушу керек”, - деди ал.

Башкы катчы белгилегендей, алдыдагы машыгуулар башкаруу органдарын координациялоого, командирлердин жана штабдардын күжүрмөн аракеттерге даярдык көрүүсүн жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга, ошондой эле улуттук контингенттин өздүк курамынын күжүрмөн чеберчилигин, кесипкөйлүгүн жана талаа даярдыгын жогорулатууга багытталган.

“Учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине кеңири даярдык иштери жана машыгууларды сапаттуу өткөрүү үчүн шарттарды түзүп бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Машыгуулар жамааттык күчтөрдүн алдыга коюлган милдеттерди аткарууга даярдыгын мындан ары өркүндөтүүгө жана жогорулатууга кызмат кылып, жогорку методикалык жана уюштуруучулук деңгээлде өтөрүнө ишенем.

Машыгуунун бардык катышуучуларына күжүрмөн даярдык боюнча тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруусун каалайм”, - деп сөзүн жыйынтыктады Имангали Тасмагамбетов.