Тасмагамбетов: Киберкоркунучтар эл аралык туруксуздуктун факторуна айланууда

Коом Загрузка... 19 Июнь 2025 14:45
509414330_1260903979377567_4566806970617691486_n (1).jpg

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Кибермейкиндик мурдатан эле адамдардын, жамааттардын, мамлекеттердин жана эл аралык мамилелердин мамлекеттик эмес акторлорунун ишмердүүлүгүнүн дагы бир чөйрөсү болуп келген. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов киберкоопсуздук боюнча биринчи эл аралык конференцияда билдирди.

Анын айтымында, "дүйнөлүк көпчүлүк" аталгандардын ичинен бир катар ири мамлекеттер киберчөйрөдөгү мамилелердин эрежелерин макулдашууну ийгиликтүү жүргүзүп жатышат. Жаңы доорго жана 2022-жылдагы глобалдык туруктуу өнүгүүгө багытталган Россия-Кытай биргелешкен эл аралык мамилелер жөнүндө билдирүүсүн мисал катары келтирүүгө болот. Көп жылдар бою "глобалдык түштүк" мамлекеттеринин ачык аянттарында АКШнын Интернет тармагын башкаруудагы негизги ролу тууралуу көптөр тынчсызданып келишкен. Ошондой эле кибермейкиндикти башкаруунун учурдагы моделин кайра карап чыгуу зарылдыгын баса белгилешкен.

"Биз киберкоопсуздук жаатында бир тараптуу саясаттын ишке ашырылышын жана башка оюнчулардын кызыкчылыктарын тоготпогон абалды байкап жатабыз. Ошентип, бүгүн биз геосаясий конфликттин кибермейкиндикке проекциясы жөнүндө айтып жатабыз. Андан тышкары, ар башка өлкөлөрдүн чалгындоо уюмдарынын, аскердик түзүмдөрүнүн ортосундагы күрөш, ошондой эле экономикалык жана маалыматтык салгылашуулар, анын ичинде экономикалык тыңчылык, каржылык диверсия, маанилүү инфраструктура объектилеринин ишинде үзгүлтүктөрдү уюштуруу кибермейкиндик тармагында жүрүүдө. Кибер коркунучтарга каршы турууга аракет кылуу менен учурда мамлекеттер көптөгөн ички саясий жана эл аралык чыр-чатактардын, өз ара айыптоолордун жана саясий каршылыктардын фактору болуп келген коркунучтардын булагын жана мүнөзүн идентификациялоо кыйынчылыктарына туш болушууда”,- деди ал.

Мындан тышкары, Имангали Тасмагамбетов киберчөйрөнү жана киберкоопсуздукту өнүктүрүүнүн катарында айрым эл аралык акторлордун киберкылмыштар менен кибертерроризмди аныктоодо кош стандарттарды таңуулоо саясатына көңүл буруусу максатка ылайыктуу экенин кошумчалады.