Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Аламүдүн суусунун желим бөтөлкөлөр жана башка таштандылар менен булганышына байланыштуу "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасына эскертүү берилди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүдөн кийин ишкана тарабынан суунун нугу таштандылардан тазаланды.
Министрлик суу объекттеринин булганышына жол бербөө боюнча көзөмөл иштерин улантарын билдирип, жарандарды таштандыларды суу жээктерине таштабоого чакырды.