Ташкенттеги шайлоо тилкеси ишин баштады

Шайлоо 30 Ноябрь 2025 10:10
A_30.jpg
A_30_4.jpg
A_30_3.jpg
A_30_2.jpg
A_30_1.jpg
A_30_0.jpg
A_30_.jpg
Алдыга
Артка
A_30.jpg
A_30_4.jpg
A_30_3.jpg
A_30_2.jpg
A_30_1.jpg
A_30_0.jpg
A_30_.jpg
Алдыга
Артка

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 30.11.25. /Кабар/. Ташкент шаарынын Тахир көчөсүндө жайгашкан №9025 шайлоо тилкеси бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин жаңырышы менен салтанаттуу түрдө ачылды, деп жайынан кабарчыбыз билдирет.

Добуш берүү процесси үчүн бардык шарттар түзүлүп, купуя кабиналар орнотулган. Жарандардын добуштары атайын техникалык жабдуулар аркылуу кабыл алынууда. Тилкеде тартип, коопсуздук жана жарандарды кабыл алуу жараяны шайлоо эрежелерине ылайык иреттүү көзөмөлдөнүүдө.

Алгачкылардан болуп Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин жана Соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери үй-бүлөлөрү менен келип, өздөрүнүн конституциялык милдетин аткарышты. Алардын жарандык активдүүлүгү шайлоого келген кыргызстандыктар арасында көтөрүңкү маанай жаратууда.

Ташкентте жашаган, окуган жана убактылуу жүргөн кыргызстандыктар үчүн бүгүнкү шайлоо күнүнүн атмосферасы майрамдык өңүттө өтүүдө. Жарандар шайлоо тилкесине иреттүү келип, добуш берүү жараяны тынч жана уюшкан тартипте уланууда.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда 6500дөй Кыргыз Республикасынын жараны туруктуу жашайт. Алардын болжол менен 70 пайызы Наманган, Андижан жана Фергана облустарында, 20 пайызы Ташкент шаары жана Ташкент облусунда, ал эми 10 пайызы өлкөнүн башка аймактарында жашашат. Ошондой эле Өзбекстандын окуу жайларында 300дөн ашуун кыргызстандык студент билим алууда.