Ташкент, 28.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин имаратында жайгашкан №9025 шайлоо тилкеси 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берүүчүлөрдү кабыл алууга толук даяр. Бул тууралуу тилке төрагасы, Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Данияр Убышалиев билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстанда туруктуу жашаган, өлкөдөгү окуу жайларда билим алып жаткан же убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн бардык шарттар түзүлдү.
«Участкада шайлоо системасында колдонулуучу техникалык жабдуулар орнотулуп, добуш берүүчүлөр үчүн атайын кабиналар даярдалды. Кыргызстандын бардык жарандары добуш бере алышат — алардын реалдуу жашаган жери же консулдук каттоосу мааниге ээ эмес. Катышуу үчүн милдеттүү шарт — Кыргызстанда туруктуу каттоонун болушу жана биометрикалык каттоодон өтүү», — деди Убышалиев.
«Ар бир жарандын добушу — өлкө келечеги үчүн маанилүү. Добуш берүүнү уюштуруу — биздин элчилик үчүн чоң жоопкерчилик жана сыймык»,- деп кошумчалады ал.
Элчиликтин маалыматына ылайык, Өзбекстанда Кыргызстандын 6500дөй жараны туруктуу жашайт. Алардын болжол менен 70 пайызы Наманган, Анжиян жана Фергана облустарында, 20 пайызы Ташкент шаары жана Ташкент облусунда, ал эми 10 пайызы өлкөнүн башка аймактарында жашашат. Ошондой эле Өзбекстандын окуу жайларында 300дөн ашуун кыргызстандык студент билим алууда.
Эске салсак, добуш берүү 2025-жылдын 30-ноябрында саат 08:00дөн 20:00гө чейин (жергиликтүү убакыт боюнча) Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин имаратында жайгашкан №9025 шайлоо участкасы аркылуу жүргүзүлөт.
Дареги: Ташкент шаары, Тахир көчөсү, 10.