Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Ташкент шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия: бирдиктүү агартуучулук мурас - жалпы келечек” эл аралык конгрессинин катышуучуларына Ислам цивилизациясы борборунда жайгашкан Куран залы тааныштырылды.
Анда алар дүйнөдөгү эң байыркы Куран нускаларынын бирин көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ислам цивилизациясы борборунун директору Фирдавс Абдухаликовдун билдирүүсү боюнча, Курандын бул нускасы 1200 чарчы метр аянттагы чоң залда, бийиктиги 60 метрлик куполдун астында жайгашкан. Ошондой эле бул жерде анын башка дагы 114 нускасы көргөзмө иретинде коюлган.
“Бул нуска б.з.ч 644-656-жылдары үчүнчү халиф Усман ибн Аффандын тапшырмасы менен көчүрүлгөн жана ал бүгүн күндө ал ЮНЕСКО уюмунун “Дүйнөнүн эс-тутуму” тизмесине кирген.
“Сиздер азыр Өзбекстан үчүн гана эмес, бүткүл ислам дүйнөсү үчүн маанилүү болгон жерде турасыздар. Бул борбор биздин президентибиз Шавкат Мирзиеевдин демилгеси менен курулду.
Бул Курандын барактарында Усман халифинин каны бар экени айтылат. Себеби ал Куран окуп отурган учурда өлтүрүлүп, анын каны кол жазмага чачыраган экен”,-деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, учурда Ташкент шаарында Борбор Азия жана Азербайжан өлкөлөрүнөн келген окумуштуу, искусство таануучу, адабият, маданият, агартуу жана кино тармагынын өкүлдөрүнүн башын бириктирген эл аралык конгресс өтүүдө.