Ташкент, 11.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Өзбекстандын борборунда өткөн эл аралык форумда өлкөнүн балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы демилгелерин тааныштырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Форумдун негизги максаты – Борбор Азия өлкөлөрүнүн балдар омбудсмендери үчүн аймактык кызматташуу платформасын түзүү. Анда тажрыйба алмашуу, жалпы көйгөйлөрдү биргелешип чечүү, санарип чөйрөдө коопсуздукту камсыз кылуу жана балдарга карата бардык түрдөгү зомбулуктун алдын алуу маселелери талкууланды.
Асель Чынбаева өз сөзүндө акыркы жылдары Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдык жана мекемелик база түзүлгөнүн белгиледи. Ал 2025–2028-жылдарга карата Балдардын укуктарын коргоо боюнча улуттук аракеттер планынын негизги багыттарына токтолуп, анда зомбулуктун алдын алуу, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо, билим берүү менен саламаттыкка жеткиликтүүлүктү жакшыртуу чаралары камтылганын айтты.
Серепчилердин баамында, балдардын укуктарын коргоо боюнча аймактык платформаны түзүү демилгеси Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларынын алкагында кабыл алынган чечимдерге шайкеш келет.