Ташкент, 28.08.25. /Кабар/. Өзбекстандын борборундагы «Ташкент-Чыгыш» аэродрому базасында жаңы аэропорт комплекси курулуп бүттү. Объект менен Президент Шавкат Мирзиёев таанышты, деп кабарлайт мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.
Жалпы аянты 561 гектарды түзгөн комплексте 4 чакырымдык учуп-конуу тилкеси жана үч такси жолу жаңыртылды. Ошондой эле бир учурда 20 учакты жайгаштыра ала турган перрон салынды.
Boeing-787 Dreamliner, Airbus A320, бизнес-джеттер жана тик учактарды тейлей турган заманбап ангарлар пайдаланууга берилди. Аэропорттун маанилүү бөлүгү катары VIP жана CIP терминалдары ачылды. CIP-терминал бир саатта 100 жүргүнчүнү кабыл алып, дүкөндөр жана коомдук тамактануу жайлары менен камсыздалган.
Жаңы комплекс Ташкенттин транспорттук инфраструктурасында маанилүү звено болуп, Өзбекстандын эл аралык аба каттамдарындагы ролун күчөтөт, деп белгиледи Шавкат Мирзиёев.
Эскерте кесек, жаңы аэропорттун курулушу 2017 жылы башталган.