Ташкентте VIII Борбор Азия эксперттик форуму өтүүдө

Борбор Азия Загрузка... 14 Август 2025 12:53
photo_2025-08-14.jpg
copyright icon Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 14.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун (УСДИ) директорунун орун басары Шумкарбек Адылбек уулу жетектеген делегация Ташкент шаарында өтүп жаткан VIII Борбор Азия эксперттик форумуна (БАЭФ) катышууда, – деп билдирет кабарчыбыз окуя болгон жерден.

Иш-чаранын темасы – "Борбор Азия – ишенимдин, коопсуздуктун жана туруктуу өнүгүүнүн бирдиктүү мейкиндиги". Делегация курамында УСДИнин эксперти Данияр Сыдыков, бөлүм башчысы Бермет Каниметова жана "Геосаясат жана стратегия" илимий-изилдөө институтунун директору Канатбек Азиз бар.

Форумга Борбор Азия мамлекеттеринин стратегиялык мекемелеринин жетекчилери, илимий борборлордун жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле Европа Биримдигинен, АСЕАНдан, Нордик кеңештен, Россия, АКШ, Улуу Британия, Швейцария жана Азербайжандан белгилүү эксперттер да катышууда.

Жалпысынан 14 мамлекеттен келген 20дан ашуун аналитикалык борборлордун адистери аймактык кызматташуунун келечектерин жана көп тармактуу өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү боюнча так чараларды талкуулоодо.

Форумду Өзбекстан президентинин алдындагы Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөөлөр институту (СААИ) уюштурган. Өнөктөштөрү – Борбор Азиядагы алдын алуу дипломатиясы боюнча региондук борбор, Европа биримдигинин Өзбекстандагы өкүлчүлүгү, ЕККУ жана Конрад Аденауэр атындагы фонд.