Ташкент, 12.08.25. /Кабар/. 2025-жылдын 14–15-августунда Ташкент шаарында «Борбор Азия – ишеним, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү үчүн жалпы мейкиндик» аталышындагы VIII Борбор Азия эксперттик форуму (БАЭФ) өтөт. Бул тууралуу Өзбекстан Президентинин алдындагы Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөөлөр институтунун басма сөз кызматы маалымдады.
Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнүн илимий-изилдөө мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле алгач ирет Европа биримдигинен, АСЕАНдан, Нордик кеңешинен, Россия, АКШ, Улуу Британия, Швейцария жана Азербайжандан адистердин катышуусу күтүлүүдө.
Программада аймактык кызматташууну чыңдоо, көп тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, Борбор Азиянын иденттүүлүгүн калыптандыруу жана «Борбор Азия – Түндүк Европа» форматындагы кызматташуунун келечеги маселелерин талкуулоо орун алган.
Бул форум 2018-жылдан бери Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна төрагалык кылган өлкөдө өткөрүлүп келет. Аянтча аймактагы кызматташтыктын абалын, келечегин талкуулоого жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга арналган.
Иш-чараны Өзбекстан Президентинин алдындагы Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөөлөр институту уюштурат. Өнөктөштөрдүн катарында – БУУнун Борбор Азиядагы алдын алуу дипломатиясы боюнча борбору, Европа биримдиги, ЕККУ жана Конрад Аденауэр фонду бар.
Серепчилердин баамында, форумдун жыйынтыгы быйыл Өзбекстанда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун күн тартибине маанилүү салым кошот.