Ташкент, 28.08.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жаңы Улуттук музейдин курулушуна алгачкы ташты койду, деп маалымдайт өлкө башчысынын басма сөз кызматы.
Президенттин айтымында, бул окуя өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамына арналып, улуттук мурастарды сактоого жана өзгөчөлүктү кайра жандандырууга багытталган.
«Музей илимдин, агартуунун жана маданияттын борборуна айланып, байыркы үч миң жылдык мурастын даңазасын дүйнөгө жана келечек муундарга жеткирет», - деп айтты Мирзиёев.
Жаңы музей 40 миң чарчы метр аянтта курулуп, анда көргөзмөлөрдү өткөрүүгө, китепкана, реставрациялык лабораториялар жана сактоочу жайлар болот. Долбоорду жапон архитектору Тадао Андо жетектеген бюро немистердин Atelier Brückner компаниясы менен бирге иштеп чыккан. Архитектурасы айлампа, төрт бурчтук жана үч бурчту айкалыштырып, Чыгыш менен Батыштын гармониясын чагылдырат.
Комплекс үч кабаттуу музейден, эки деңгээлдүү жер төлөдөн жана кошумча имараттардан турат. Генподрядчы катары кытайлык CSCEC International Construction компаниясы тандалган.
Бүгүн Ташкенттеги 30 музейде бир миллиондон ашуун экспонат сакталат. Бирок алардын аз гана бөлүгү — Мамлекеттик көркөм өнөр музейиндеги 100 миң экспонаттын болгону 2,4 миңи гана элге көрсөтүлүп турат.