Ташкент, 05.12.25. /Кабар/. Ташкент шаарында Жарандык коом жумалыгынын алкагында «Улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлде элдик дипломатия аркылуу туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу» аттуу эл аралык конференция өттү. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирет.
Конференциянын негизги максаты — элдик дипломатиянын механизмдерин кеңейтүү аркылуу туруктуу өнүгүүгө жетишүү, жарандык коом менен мамлекеттик органдардын кызматташуусун бекемдөө жана социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүү болду.
ШКУнун Өзбекстандагы Элдик дипломатия борборунун директору Қобилжон Собиров конференцияны ачып жатып, теманын бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары элдик дипломатия дүйнөлүк саясатта активдешип, мамлекет менен коом ортосундагы диалогду камсыз кылууда маанилүү роль ойноодо.
Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу ШКУнун маданий-интеграциялык борборунун директору Чолпон Шаикова Кыргызстан 2025–2026-жылдары уюмга төрагалык кыларын айтып, бул маданий-гуманитардык диалогду тереңдетүүгө жана аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө кеңири мүмкүнчүлүк ачарын баса белгиледи.
Катышуучулар мамлекеттер менен коомдор ортосундагы өз ара диалогду өркүндөтүү, улуттук маданий мурастарды жана баалуулуктарды жайылтуу, жаштар менен аялдардын коомдук процесстерге катышуусун жогорулатуу, ошондой эле экологиялык жана гуманитардык долбоорлорду колдоо боюнча пикир алмашты.
Конференцияга Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Индия жана Кытайдан жогорку даражалуу коноктор, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана жарандык коом катышты.