Ташкент, 14.10.25. /Кабар/. 15-16-октябрда Ташкент шаарында Түрк университеттер биримдигинин (TÜRKÜNİB) 8-башкы ассамблеясы өтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жыйынга Түрк маданияты эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раев, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, түрк тилдүү мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Кыргызстандан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргыз эл аралык университети, Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин делегацияларынын катышуусу күтүлүүдө.
Ассамблеянын күн тартибине билим берүү, илим жана инновациялар жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен программалар менен долбоорлорду ишке ашыруу жана академиялык алмашуу демилгелерин өнүктүрүү маселелери коюлган.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында "Aлп Эр Тонга урпактары — караханийлер: түрк дүйнөсү жана ислам дүйнөсү караханийлер доорунда" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция, секциялык жыйындар жана эки тараптуу жолугушуулар да өткөрүлөт.