Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. Күн мурун Ташкент шаарында өткөн эл аралык конгресстин алкагында Ислам цивилизациясы борбору тааныштырылды.
Борбордун директору Фирдавс Абдухаликов “Кабар” агенттигине билдиргендей, имарат 10 гектардан ашык аянтты ээлейт.
“Долбоорду ишке ашырууга 40 мамлекеттен көптөгөн архитекторлор, дизайнерлер, усталар жана окумуштуулар, эксперттер, дин ишмерлери чакырылган. Курамына илимий-изилдөө бөлүмдөрү, сейрек кол жазмалардын Улуттук реестрин жүргүзүү бөлүмү, кол жазмалар фонду, китепкана жана архивдер, эл аралык бөлүм, туризм бөлүмү, изилдөөлөр жана басма иштери боюнча бөлүмдөр кирет. Ошондой эле музей экспозициясы - “Исламга чейинки цивилизациялар”, “Биринчи Ренессанс доору”, “Экинчи Ренессанс доору”, “XX кылымдагы Өзбекстан”, Жаңы Өзбекстан — Үчүнчү Ренессанс негиздери” жана Куран-и Карим” залдарынан турат.
Бул бөлүмдөр биздин өлкөдөгү цивилизациянын ар түрдүү тарыхый баскычтарын чагылдырып, ар бир доордун тарыхы буюмдар, кол жазмалар, сүрөттөр жана мультимедиялык каражаттар аркылуу көрсөтүлөт”,-деп белгиледи ал.
Музейден тышкары борбордо кеңселер, китепкана, диний мекемелер, окуу борборлору, илим изилдөө кабинеттери жана башка объектилер жайгашкан.
Ошондой эле Фирдавс Абдухаликов белгилегендей, борбор болжол менен келерки жылдын март айында жалпы коомчулук үчүн эшигин ачат.
Белгилей кетсек, Ташкент шаарында Борбор Азия жана Азербайжан өлкөлөрүнөн келген окумуштуу, искусство таануучу, адабият, маданият, агартуу жана кино тармагынын өкүлдөрүнүн башын бириктирген эл аралык конгресс өтүүдө.