Ташкент, 20.10.25. /Кабар/. Өзбекстандын Спорт министрлигинде Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жаштар жана спорт маселелери боюнча министрлеринин 9-жыйынынын алкагында эксперттик конференция өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын тиешелүү министрликтеринин өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда спорт жана жаштар саясаты тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө, узак мөөнөттүү келишимдерди иштеп чыгуу, ири эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү жана келечектүү долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери талкууланды.
Эксперттер түрк мамлекеттеринин жаштары жана спорт тармагындагы тажрыйба алмашуу, инновацияларды жайылтуу жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча мыкты ыкмаларды сунушташты. Конференция түрк дүйнөсүндө интеграцияны чыңдоого жана кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болору белгиленди.